Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Лондондогу терактка байланыштуу 12 шектүү киши кармалды


Британ полициясы Лондондогу ишемби күнкү чабуулдарга байланыштуу баш калаанын чыгышындагы Баркин районунда 12 киши кармалганын, тинтүү-издөө иштери уланып жатканын маалымдады. Анын алдында премьер-министр Тереза Мэй терроризмге “жетет” деп айтуу мезгили келгенин, терроризмге каршы стратегия кайра каралып чыгаарын билдирген.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Полиция аларды атып өлтүргөн. Кол салуудан жети киши мерт кетти, ондогону жараланды. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен үч теракт болду.

XS
SM
MD
LG