Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралат


Kyrgyzstan -- Squatters Movement in the Outskirts of Bishkek City, 11apr2010
Kyrgyzstan -- Squatters Movement in the Outskirts of Bishkek City, 11apr2010

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. Ошондой эле бүгүн аталган комитетте «Сугат айдоого жарактуу жерлерди трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору да биринчи окууда каралат.

Мыйзам долбоору тууралуу баяндаманы анын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты, социал-демократ Абдывахап Нурбаев даярдаган.

Расмий маалыматтар боюнча, 1983-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстандын 33 районундагы 218 айыл аймагынын 13 478 гектар айдоо аянты турак жай курууга берилип кеткен. Анын ичинен 11 784 гектары - сугат жерлер. Бул жерлерде 42 миң үй-бүлө турак-жай куруп, жашап жатышканы аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG