Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Ташкентте студенттин өлүмүн иликтөө талабы менен митинг өттү


Жасур Ибрагимов.
Жасур Ибрагимов.

4-июнда Ташкенттин «Достук» сейил багында жүздөгөн адам 17 жаштагы Жасур Ибрагимовдун өлүмүн иликтөөнү талап кылып чогулушту. Медициналык колледждин жанында катуу токмок жеген бала бир айдан кийин, 1-июнда ооруканада көз жумган.

Жасурга беш жолу хирургиялык операция жасалып, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгы окуя боюнча бир нече кишиге кылмыш иши козголгонун билдирди.

Акцияга чогулган Ташкенттин жашоочулары укук коргоо органдарынан уландын өлүмүн иликтөөнү талап кылып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдошту.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, акциянын катышуучулары менен Ташкенттин ИИБ башчысынын орун басары, Тергөө башкармалыгынын жетекчиси жолукту.

4-июнда акция өтөрү тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө бир күн мурун жарыяланган. Бир сутка ичинде бул кабар менен 13 миң колдонуучу бөлүшкөн.

XS
SM
MD
LG