Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Текебаев: Моралдык артыкчылык мен тарапта


Өмүрбек Текебаев сот залында. 5-июнь, 2017

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ушу тапта "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту башталууда. Алар экөө тең сот залына алынып келинди.

Текебаевдин коомдук жактоочусу Искен Афиджанов Фейсбук аркылуу сот залынан түз маалымат берип жатат. Анын "Абалыңыз кандай?" деген суроосуна Текебаев "Күрөшкө даяр, чечкиндүү, келишкис, моралдык жактан актык, артыкчылык сезимде" экенин айтып жооп берди жана эгер соттон утулуп кала турган болсо да "тарыхый күрөштү утканын" белгиледи.

Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Текебаевдин тарапкерлери ага карата козголгон ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирген. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шернияздын суроосуна жооп берип жатып ал прокуратура мыйзам чегинде иштээрин, кылмыш иш аныкталган маалыматтардын негизинде козголоорун, бул иште саясат жоктугун айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (33)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG