Жеке медициналык клиникада иштегендер ага чейин мамлекеттик саламаттыкты сактоо органдарында кеминде беш жыл иштөөсү керек деген талап жоюлду. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Эми медициналык окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр дароо эле жеке клиникаларга орношууга укуктуу болот.
Ошону менен катар министрлик соңку кезде лицензиясыз иштеген жеке клиникалар көбөйгөнүн жана мунун айынан тейлөө сапаты кооптонууну жаратып жатканын, маселени чечүү үчүн атайын мыйзам долбоору иштелип жатканын маалымдоодо. (RK)