Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Кургак учукка чалдыккан балдардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда кургак учукка чалдыккан балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди.

Адистин белгилешинче, чоңдор арасында оору азая баштаганы байкалганы менен балдар арасында өсүү бар.

Былтыр 5 ай ичинде 32 бала, ал эми быйыл ушул эле мезгил аралыгында 36 бала катталды. Дарыгерлерге өз убагында кайрылбагандык оорунун жайылышынын негизги себеби болуп жатканы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG