Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:47

Соттун иши ачык-айкын болуп, бүт маалыматтар, чечимдер коомчулукка толук жеткирилгенде гана бардык соттор кынтыксыз иштейт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып айткан президент Алмазбек Атамбаев “2005 жана 2010-жылдардагы элдик көтөрүлүштөрдүн эң негизги себептеринин бири сот бийлигиндеги чоң кемчиликтер, ыплас иштер болгонун” белгиледи жана мындай иштер азыр да кездешерин кошумчалады.

“Бул илдеттерден кутулуш өтө оор экен. Ошондуктан бул илдеттер менен күрөшүүгө жалпы элибиз жапа тырмак киришпесе болбойт. Бул күрөштө Интернетке окшогон заманбап каражаттарды колдонуш керек” деди мамлекет башчы.

Президент белгилегендей, өткөн беш жылга чукул мезгил ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, жарандык коом жана эксперттер менен бирге чоң иштер жасалды. Сот реформасы боюнча кеңеш 12 жыйын өткөрдү, 38 маанилүү мыйзам долбоору демилгеленип, аларды кеңири талкуулоо уюштурулду.

Жыйындын соңунда сот реформасын илгерилетүүгө кошкон салымы үчүн мыкты кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG