Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:07

"Сосновка" аркылуу жүк ташууда салык мыйзамдары бузулганы аныкталды

Иллюстрация
Иллюстрация

Салык кызматы “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын дээрлик жарымынын иши салык мыйзамдарын бузуу менен уюштурулганын аныктап чыкты. Бул тууралуу бүгүн Салык кызматынан кабарлашты.

Жыл башынан бери 31-майга чейин жүк ташууларды эсепке алуу журналына күйүүчү май ташыган 5,5 миң унаа жана башка жүк менен 4 миңден ашуун автоунаа катталган. 

Ар кандай жүк ташыган автоунаалардын ичинен салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 2 миңдейине, башкача айтканда 47% карата патент, салык төлөө маселелерине байланыштуу акт түзүлгөн.

"Сосновка" Бишкек-Ош унаа жолунда, Чүй облусунун аймагында жайгашкан. (RK)

 

XS
SM
MD
LG