Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Лондондогу чабуулга байланыштуу дагы кишилер кармалды


Полиция текшерүү жүргүзүүдө.
Полиция текшерүү жүргүзүүдө.

Британ полициясы Лондондун чок ортосунда жети кишинин өмүрүн алган чабуулдан кийинки текшерүүлөрдө бир канча адам кармалганын билдирип, бирок так санын айткан жок.

5-июнда эртең менен Лондондун чыгыш тарабында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө “бир канча адам кармалганы” полициянын билдирүүсүнөн белгилүү болду.

Лондон полициясынын башчысы Крессида Дик Би-би-си телеканалына “өтө көлөмдүү кылмыш материалдары” алынганын айтты.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, андан кийин ичинен чыккан үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Ондогон кишилер жарадар болду, алардын 21нин абалы оор.

“Ислам мамлекети” террордук тобу чабуулду өз мойнуна алды. Полиция башчысы чабуул койгондордун аты-жөнү аныкталганын айтып, бирок коомчулукка жарыялаган жок.

4-июнда полиция Лондондун чыгышындагы Баркинг районунда эки жерде 11 кишини камакка алган.

Британ премьер-министри Тереза Мэй кол салуулардан кийин атайын кызматтар менен чукул жыйын өткөрүп, терроризмге каршы күрөш стратегиясы кайра каралып чыгаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG