Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Лондон терактына шектүүлөрдү издөө уланууда


Полициячылар бир айымды атайын унаага салууда. Чыгыш Лондон. 04.6.2017.
Полициячылар бир айымды атайын унаага салууда. Чыгыш Лондон. 04.6.2017.

Британ полициясы Лондондогу ишемби күнкү чабуулдарга байланыштуу баш калаанын чыгышындагы Баркинг районунда 12 киши кармалганын, тинтүү-издөө иштери улантылып жатканын маалымдады. Британ премьер-министри Т.Мэй терроризмге каршы күрөш стратегиясы кайра каралып чыгаарын билдирди.

Дүйнө лидерлери британ элине терактта набыт болгондор үчүн көңүл айтып, терроризмге каршы күрөшкө колдоосун билдиришүүдө. 3-июндун кечиндеги кол салуулардан 7 киши набыт кеткен эле. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен 3 теракт болду.

Террордук чабуулдун чоо-жайы

Лондондук полициянын маалыматы боюнча, тынч калайыкка автоунаа жана бычак менен кол салган үч киши тең “жанкечтилердин курларын” тагынып жүрүшкөн, бирок алар жардыргыч заттар менен дүрмөттөлгөн эмес. Сыягы, бул бош курларды тагынуу менен террорчулар калайыкты көбүрөөк коркутууну, кырдаалды башаламан кылууну көздөшкөндөй.

Полиция өкүлүнүн айтымында, кылмышкерлерге 8 полициячы 50 чакты ок чыгарып, үчөөнү тең өлтүрүшкөн. Азырынча 7 кишинин өлүмү тастыкталды. Жараат алган 42 киши ооруканаларда кала берүүдө. Алардын кээ бирлеринин абалы оор деп кабарланууда.

Полиция Лондондун чыгышындагы Баркинг районунда 12 шектүү киши кармалганын маалымдады.

Премьер-министр Тереза Мэй айым кол салуулардан кийин атайын кызматтар менен чукул жыйын өткөрүп, терроризмге “Жетишет!” деп айтуу убактысы келгенин, терроризмге каршы күрөш стратегиясы кайра каралып чыгаарын билдирди.

- Пландоо жана ишке ашыруу жагынан алганда, соңку чабуулдар бири бирине байланган эмес. Бирок жаңы тенденцияга туш болуп жаткандайбыз. Терроризм - жаңы террорчулукка алып келүүдө, кол салуулар кылмышкерлерге шыкак болууда. Жылдар бою машыгып, кыянатчылыгын жакшылап пландоо жагынан гана эмес, алар бири-бирин туурап, көп учурларда аёосуз ыкмаларды пайдаланышууда. Биз бардыгы азыркыдай улана берсе болот деп отура бербешибиз керек.

Ишембинин кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди жана имаратты сүзгөн, кийин анын ичинен үч киши чыгып, ресторанда отурган кишилерди туш келди бычакташкан.

Улуу Британиянын ички иштер министри Амбер Рудд эртеси жергиликтүү телеканалдардын биринен сүйлөп, тергөөнүн чоо жайы тууралуу маалымат менен бөлүштү:

- Кол салгандар радикал исламчы террористтер болгонун, кайдан, кантип шыкактанганын билебиз. Эми алар кандайча радикалдашканы тууралуу көбүрөөк маалымат чогултуу зарыл.

Теракттан кийин саясий партиялардын көбү шайлоо өнөктүгүн убактылуу токтотушту. Бирок Мэй айым өнөктүк пландалгандай эле 8-июнда өтөөрүн айтып, “зомбулукка демократиялык жүрүмгө тоскоолдук кылууга жол бербеш керек”, - деди.

Эки жарым айдын ичинде Британияда ушуну менен үч жолу террордук чабуул орун алды. 22-мартта парламенттин имаратынын жанындагы көпүрөдө ушундай эле кол салууда 3 бейкүнөө киши өлүп, кеминде 29 киши жабыркаган. 22-майда Манчестер шаарындагы концертте бомба жардыруусу 22 кишинин, негизинен өспүрүмдөр менен жаштардын өмүрүн алып кеткен.

Британ өкмөт башчысы март айынан бери өлкө бийликтери беш теракттын алдын алууга жетишкенин белгиледи.

Лондондун мэри Садык Хан мырза шаарды “карасанатай коркоктор” эч качан коркута алышпайт" деп билдирип, жергиликтүү жашоочуларды “тынч жана сак болууга” чакырды.

Дүйнө жүзүнүн мамилеси

Дүйнө лидерлери болсо британ элине көңүл айтып, Улуу Британиянын террорчулукка каршы күрөшүнө өз колдоосун билдиришүүдө.

“Франция дагы бир трагедияга туш болгон Британияга мурдагыдан да жакын турат”, - деп жазды француз президенти Эммануэл Макрон.

Германия канцлери Ангела Меркел айым анын өлкөсү терроризмге каршы күрөштө Улуу Британия менен үзөңгүлөш болуп, бирге тураарын билдирди.

Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин британ премьерине көңүл айтуу телеграммасын жолдоп, биргелешкен аракеттер менен террорчуларга жоооп кайтаруу керектигин белгиледи.

АКШ президенти Доналд Трамп британ полициясынын эрдигин, ыкчам аракет көргөндүгүн кубаттап, террорчулукту иликтөөгө АКШ өкмөтүнүн жардамын сунуш кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG