Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Франция: Шектүүлөр жок кылынды, барымта кризиси чечилди


Париж: барымтадагыларды бошотуу операциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

Париж: барымтадагыларды бошотуу операциясы

Француз коопсуздук күчтөрү эки жерге дээрлик бир учурда чабуул койду. “Шарли Эбдо” сатиралык журналдын редакциясына жасалган кандуу чабуул үчүн шектелгендер өлтүрүлдү.

Париждин 35 чакырым түндүк тараптагы Даммартен –ан Гоэль деген шаарчадагы басмакана имаратына кирип алган бир тууган Куашилер француз коопсуздук күчтөрүнүн операциясы учурунда жок кылынды. Француз медиасы билдиргендей, алар автоматтан ок атып, сыртка чуркап чыккан кезде өлтүрүлгөн. Бир тууган Саид жана Шериф Куашилердин колунда барымтада турган адам аман-эсен бошотулганы кабарланды.

Бир тууган Куашилер жашырынган жер.
Бир тууган Куашилер жашырынган жер.

Даммартен –ан Гоэлдеги операциянын артынан эле коопсуздук күчтөрү Париждин Порт-де-Венсен деген районунда, жөөттөрдүн кошер дүкөнүнө да чабуул жасады. Ал жерде кеминде беш кишини барымтада кармап олтурат деген Амеди Кулибали да операция учурунда жок кылынды.

Барымтадагылар эвакуацияланып жаткан учур.Порт-де-Венсен, 9-январь, 2015-жыл.
Барымтадагылар эвакуацияланып жаткан учур.Порт-де-Венсен, 9-январь, 2015-жыл.

Телеканалдар көргөзгөн сюжеттерге караганда, дүкөндө барымтада калгандар бештен көп болгондой. Полициянын чабуулунан кийин имараттан бир нече киши эвакуацияланды.

Франс Пресс агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарга таянып кабарлагандай, барымтачыны кошкондо дүкөн ичинен беш адам мерт болгон.

Мурдараак Амеди Кулибали эгер «Шарли Эбдо» журналына кол салганды деп шектелгендер жашырынган жерге чабуул жасалса, барымтадагыларды өлтүрөрүн айтып коркутканы кабарланган.

Француз медиасынын кабарына караганда, Амеди Кулибали менен бирге жүргөн Хаят Бумьеден деген ысымдуу аял да мерт болгон.

Бумьеден жана Кулибали.
Бумьеден жана Кулибали.

Француз күч кызматтарынын эсебинде, Амеди Кулибали - бейшемби күнү Париждин чет жакасында бир полицей аялды өлтүрүп, дагы бир кишини жарадар кылган адам. Анда автоматтан ок ачкан Кулибали «Шарли Эбдо» журналына кол салганы үчүн шектелген Куашилер менен бир согушчан топтун мүчөсү болушу мүмкүн.

Бир тууган Куашилер ким ?

Француз бийликтери билдиргендей, "Шарли Эбдо" журналынын редпакциясына жасалган кол салуу үчүн шектелген бир тууган Куашилер - Парижде туулуп-өскөн, алжир тектүү мусулман жигиттер. Улуусу Саид 34, кичүүсү Шериф 32 жашта.

Француз премьер-министри Мануэль Вальстын айтымында, алар шектүү жүрүм-турумунан улам чалгын кызматтарына мурдатан эле жакшы белгилүү болчу.

Куашилердин кичүүсү Шериф 2008-жылы Иракка согушкерлерди жөнөтүү ишине аралашканы үчүн айыпталып, бир жарым жыл түрмөдө отуруп чыккан. Куашилердин Франциянын өзүнө эле эмес, АКШнын атайын кызматтарына да маалым экен. Кошмо Штаттар Куашилердин экөөн тең учууга тыюу салынган адамдардын "кара тизмесине" да киргизген.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, эки бир туугандын улуусу Саид бир нече жыл мурда Йемен өлкөсүнө барып келген. Йеменде кезинде “ал-Каида” террордук уюмунун туруму күчтүү эле.

Бир тууган Куашилер.
Бир тууган Куашилер.

Йемендин чалгын кызматынын өкүлүнүн Рейтер агенттигине айтканына караганда, Саид Куаши 2011-жылы алардын өлкөсүнө келгенде “ал-Каиданын” Анвар ал-Аулаки деген адамы менен кездешкен.

Күбөлөрдүн ырастоосунда, журнал кеңсесине кол салуу учурунда Куашилер алар “ал-Каиданын” Йемендеги бөлүмү менен байланышта экенин да эскеришкен.

"Террор коркунучу"

Премьер-министр Мануэль Вальс билдиргендей, Франция азыр терроризмге каршы "согушта", "бирок бул динге каршы согуш эмес".

Анын айтмында, террор «коркунучуна» каршы алдыда сөзсүз чара көрүлөт.

Француз президенти Франсуа Олланд бүгүнкү сөзүндө ыктымал коркунучтарды алдын алуу чараларына көңүл буруу зарылдыгына токтолду:

- Биз башыбыздан азыр эле өткөн окуянын ыктымал кайталануусуна жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын күчөтүүгө аракеттенишибиз керек. Биз бул кайталанышы ыктымал экенин билебиз.

11-январда террорго каршы чараларды АКШ жана Европа өлкөлөрү Париждеги эл аралык жыйында талкуулаганы жатат.

Франциянын атайын күчтөрү
Франциянын атайын күчтөрү

Евробиримдиктин президенти Дональд Туск бүгүн Латвиянын борбору Ригада жүргөн жеринен алардын кийинки саммитинде эми негизги көңүл антитеррордук чараларга буруларын белгиледи. Саммит 12-февралга мерчемделген.

Францияга коңшу Британиянын өкмөтү чек араларда, өткөөл бекеттерде көзөмөлдү күчөттү. Евробиримдиктин башка мүчөлөрүнөн айырмаланып Британия бирдиктүү Шенген виза системасына кирбейт.

Британиянын ички чалгын агенттиги – МИ15тин башчысы, генерал Эндрю Паркердин пикиринде, Париждеги кол салуу Европа тушуккан террор коркунучунун эскерткичи болду. Ал белгилегендей, террор коркунучу Сириядагы согуштан улам да татаалдашып кетти. Анткени Британиянын да 600дөй жараны Сириядагы согушка кеткен жана алар өлкөгө «бурмаланган идеология» менен кайтышы мүмкүн.

Британ чалгын кызмат башчысынын ишениминде, Сириядагы «ал-каидачылар» "Батышка каршы массалык кыргын алып келүүчү чабуулдарды пландап жатат"

Ирак менен Сириянын бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн «Ислам мамлекети» тобу Парижде кол салуу жасагандарды өз билдирүүсүндө "каарман жихадчылар" деп атады. Ошондой эле кол салууну «биздин устат Мухаммеди колдоо" деп баалады.

"Шарли Эбдо" журналы Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялаганы үчүн кезинде «ал-Каида» террордук тобунун коркутууларына кабылган.

Париж: шектүүлөрдү кармоо операциясы жүрүүдө
Париж: шектүү ага-ини өлтүрүлгөнү кабарланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG