Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:30

Кыргызстандын Чүй облусунун милициясы бир нече адам эки колу байланып отурган кишини ылайга оонатып сабап жаткан видео боюнча маалымат берди. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурбек Токтосуновдун айтуусунда, окуя быйыл апрелде Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон. 10 жаштагы кызды зордуктады деген шек менен кармалган кишини жергиликтүү тургундар өзүлөрү кармап, милиция чакырышкан:

- Сокулук милициясы "зордуктоого аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иш козгоду. Тергөө 2-июнда аяктап, иш райондук сотко өткөрүлүп берилди. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Бүгүн социалдык түйүндөрдө тараган видео интернетте кызуу талкуу жараткан. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG