Үстүбүздөгү жылдын төрт айында Казакстандын башка аймактарына туруктуу жашоого көчүп кеткендердин саны өлкөгө келгендерден 1839га арбын болгонун улуттук экономика боюнча вице-премьер-министр Руслан Даленов Астанада журналисттерге айтты.
Министрликтин статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2014-жылдан бери миграциянын тескери сальдосу сакталып турат.
“2017-жылдын январь-апрель айында өлкөгө келгендердин саны 376 миң болсо, 377 миң киши көчүп кеткен. Миграциянын тескери сальдосу – 1839 кишини түзүп, кеткендердин саны арбын болууда” – деген Даленовдун сөзүн “КазТАГ” агенттиги жазды.
2016-жылы коңшу өлкөдөн 35 миң киши көчүп кетип, мурунку жылга салыштырмалуу 16% жогору болгон.
Өкмөттүн жыйынында Казакстандын калкы 18 миллионго жеткени да айтылды. Коңшу өлкөдө 2009-жылы соңку жолу эл каттоо өткөрүлгөн. Анда Казакстандын калкы 16 миллион экени жарыяланган.