Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:59

Борбор Азия өлкөлөрүнүн Эл аралык форуму 5-июнда ишин баштады.

"Климаттын өзгөрүшү. Борбор Азиянын туруктуу өнүгүү шартында суу кызматташтыгы" деп аталган иш-чарага аймактагы өлкөлөрдөн, эл аралык уюмдардан адистер катышууда. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, форум айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өкмөттөр аралык, илимий жана ишкер чөйрөдөгү, эл аралык коомчулуктагы диалогду жандандырууну жана бекемдөөнү максат кылат.

Форум Түркмөнстандын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги жана Борбор Азиялык аймактык экологиялык борбор тарабынан уюштурулууда.

Үч күнгө созулган форумга Кыргызстандан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктен өкүлдөр, экологдор катышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG