Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:55

Ал президент Трамптын климаттык өзгөрүүлөр боюнча Париж келишиминен чыгуу тууралуу чечимине байланыштуу кызматынан баш тартканы айтылууда. Маалыматтарга ылайык, Дэвид Рэнк Бээжиндеги элчилик кызматкерлерине АКШнын Париж келишиминен чыкканы тууралуу расмий маалымат жеткирүүдөн көрө, кызматын таштап, пенсияга кеткени туура болорун айткан.

АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Анна Ричи-Аллен Рэнктин кызматтан кетип жатканын ырастады:

- Ал дипломаттык кызматтан кетип жатат. Рэнк жеке чечим кабыл алды. Биз анын мамдепартаментке арнаган жылдарын баалайбыз. Кытайдын бийлигине Рэнктин ордуна элчинин милдетин Жонатан Фриц аткарары тууралуу маалымат бердик.

АКШнын Кытайдагы дипломаттык өкүлчүлүгүн жетектөөгө президент Трамп тарабынан көрсөтүлгөн, Айова штатынын мурунку губернатору Терри Бранстад кызматына ушул айда киришет. Рейтер өз булактарына таянып маалымдагандай, Рэнктин пенсияга кетүү тууралуу сөзүнөн кийин, мамдепартамент анын кызмат ордун тез арада бошотуп берүүсүн талап кылганы айтылган.

АКШ президенти Дональд Трамп климаттык өзгөрүүлөр боюнча 2015-жылы 195 өлкө кол койгон Париж келишиминен чыкканын өткөн жумада жарыялаган. Муну менен АКШ келишимге кирбеген Сирия менен Никарагуанын катарына кошулду. Бул айрым лидерлердин жана АКШда глобалдык климатты коргоонун жактоочуларынын тынчсыздануусун жаратты.

XS
SM
MD
LG