Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

АКШда жашыруун сырды журналисттерге берди деген адам камакка алынды


Мындай айып Улуттук коопсуздук кызматы менен келишимдик негизде иштеп жаткан компаниянын кызматкерине тагылып, камакка алынды.

25 жаштагы Реалити Ли Уиннер АКШдагы президенттик шайлоого орусиялык хакерлердин кийлигишкени тууралуу маалыматты журналисттерге берген деп айыпталууда. Бирок кандай документтер экени тууралуу маалымдалбайт.

Америкалык басма сөз муну Intersept басылмасына дүйшөмбү күнү жарыяланган макалага байлап жатат. Макалада шайлоо участокторун атайын программа менен камсыздаган компаниянын компьютерлери орусиялык хакерлер тарабынан бузулганы тууралуу жашыруун баяндамасынан үзүндүлөр жарыяланган.

Айыпталуучу бул маалыматтарды көчүрүп алып, электрондук почта аркылуу өзүнүн кызматтык компьютеринен басылмага жибергени айтылууда.

Уиннердин иши америкалык чалгын кызмат маалыматтарынын сыртка чыгып кетүүсүн иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG