Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

ЖК төрагасы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды


5-июнда Чыныбай Турсунбеков церебралдык паралич жана аутизм менен жабыркаган балдар дарыланып, тарбиялануучу "Оберег" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты.

Аталган борбордо учурда тубаса илдетке кабылган 37 бала тарбияланат. Анын ичинен 16сы күнү-түнү ушул борбордо жашайт.

Мындай балдарды калыбына келтирүү, аларды өз алдынчалыкка үйрөтүү, мүмкүнчүлүктөрүн ачуу боюнча окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлөт. 14 жылдан бери иштеп келаткан реабилитациялык борбор мэриянын жардамы менен быйыл жыл башында жаңы имаратка ээ болгон.

Спикер Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, төраганын резервдик фондунан 100 миң сом тапшырды.

Чыныбай Турсунбеков бул күнү Токмок шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча борбордун ишинен да кабар алды.

100 балага эсептелген бул борбор 1950-жылдан бери иштеп келет. Адистештирилген борбордо республиканын бардык аймактарынан келген төрт жашка чейинки балдар бар. Мындагы балдардын 45и социалдык жетимдер - ата-энелери таштап кеткен же ата-энелик укугунан ажыратылгандардын балдары.(ZKo)

XS
SM
MD
LG