Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

"Азаттыктын" кабарчысы экологиялык журналистика боюнча сынактын жеңүүчүсү болду


"Азаттык" радиосунун Ысык-Көл облусундагы кабарчысы Асеин Маданбеков аталган сынактын "Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсү" номинациясы боюнча 2-орунду алды.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык күн жана экологдордун кесиптик майрамына карата экологиялык журналистикага жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыкты.

Сынак Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан ПРООНдун колдоосу менен уюштурулган. Өткөн жылы ноябрь айында жарыяланган сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жүздөн ашуун журналист катышкан. Эл аралык, мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу алардын ичинен 18 журналисттин ишин жеңүүчү деп тапкан.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 5-июнда Бишкекте болуп өттү.

Айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүн белгилөө үчүн жыл сайын жаңы тематика тандалат. 2017-жылы "Мен жаратылыш мененмин" деген аталышта өтүп жаткан иш-чаралар ар бирибизди үйдөн чыгып, жаратылыштын кооздугун сезип, Жер планетасын коргоого чакырат.

5-июнь Айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнү катары 1972-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан түзүлгөн. Ошол эле жылы Улуттар Уюмунун айлана чөйрөнү коргоо программасы (UNEP) кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG