Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Ооганстанда бүгүн тынчтыкты орнотуу жыйыны өтөт


Кабул шаарында өтүүчү жыйынга ондон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Алардын ичинде АКШ, Индия, Кытай, Пакистан жана башка өлкөлөр бар. "Жыйындын максаты - Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн консенсуска жетишүү" деп билдирди ооган президентинин басма сөз катчысы Шах Хуссейн Муртазави.

Жыйын алдында полиция шаардын көпчүлүк бөлүгүн курчоого алып, көзөмөл бекеттери түзүлдү. Көчөлөрдү аскерлер БТРлер менен кайтарууда.

31-майда Кабулдагы жардыруудан кеминде 90 киши набыт болуп, 500гө жакыны жараат алган. Дагы беш киши өкмөткө каршы демонстрациянын катышуучулары менен полициянын кагылышуусунда, ал эми жети киши 3-июнда өлгөндөрдү жерге берүү зыйнаты учурундагы үч жанкечтинин өзүн жардыруусунан набыт болгон.

XS
SM
MD
LG