Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:42

Президент Атамбаев бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды


"Эл артисти" наамын эми алган Зейнеп Шакеева

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу жардыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 5-июнда кол койду.

Ага ылайык, 2-даражадагы "Манас" ордени менен белгилүү дарыгер, ортопед Сабыр Жумабеков жана Кыргызстандын эл мугалими Мукаш Базаркулов сыйланды. Ал эми 3-даражадагы "Манас" ордени мугалимдер Нургалый Абдесов менен Махирахан Абдукаримовага, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге, дарыгер Нимат Малаевге жана адабиятчы Омор Соороновго берилди.

Президенттин жардыгы менен "Даңк" медалына татыгандардын ичинде "Сезим" кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова, "Википедия" кыргыз тилиндеги версиясын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча долбоордун жетекчиси Чоробек Сааданбеков, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана публицист жазуучу Мирзохалим Каримов бар.

Ал эми "Эл артисти" наамы Зейнеп Шакеевага, Келдибек Ниязовго, Алтынбек Сапаралиевге жана Давлетбек Нургазиевге ыйгарылды.
Мындан тышкары мамлекет башчынын жардыгы менен мугалимдер, дарыгерлер, бир катар мамлекеттик жана айыл чарба кызматкерлери, өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошту деп саналган адамдар сыйланышты.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG