Бишкек бийлиги көчө боюндагы унаа токтотуучу жайларда акы алуу системасын киргизет. Мындай ыкма 5-июндан тарта Шопоков көчөсүндө “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанындагы унаа токтотуучу жайда пилоттук режимде иштей башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Анарбеков “Азаттык” радиосуна билдирди.
- ЦУМ соода борбору жайгашкан Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайды жеке ишкана иштетип баштады. Ал жыл башында мэрия өткөргөн сынакты утуп алган. Шаар бийлигинин талабына ылайык, утуп алган ишкана көчөлөрдөгү ачык унаа токтотуучу жайларда автоматташтырылган паркинг системасын киргизиши керек.
Шопоков көчөсүндөгү пилоттук шартта иштеп жаткан жайда учурда бир автоунаа үчүн 40 сом алынууда. Унаа токтотуучу жайдагы көрсөтмө белгиде алгачкы 15 мүнөт бекер деп жазылып турат. Тескеп, акча алган кызматкерлер иштөөдө.
Мэрия айрым борбордук көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайларды сынак аркылуу менчик ишканаларга ижарага берип борбордук көчөлөрдөгү тыгынды азайтып, автоунаа кыймылын жөнгө салууну көздөйт.
Бир жылда мэрия бул кызматтан 2 миллион 300 миң сом каражат түшөт деп божомолдоп жатат. (TSh)