Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Осмоналиев: Өзгөргөн шайлоо мыйзамы БШКны канааттандырат


Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

Борбордук шайлоо комиссиясын шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөр жалпысынан канааттандырат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан талкууда БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев айтты:

- Бул өзгөртүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Боршайкомдун мүчөлөрүнүн көбүн канааттандырат. Биринчи кезекте шайлоочулардын тизмесин иретке келтирүү жагынан. Силерге белгилүү болгондой эми тизмелер алдын ала, контролдук жана акыркы болуп бөлүнүп каралат.

Осмоналиев бул жаңы нормаларды биринчи кезекте “шайлоочулар да туура көрүп жатат болуш керек, себеби тизме менен таанышууга көбүрөөк убакыт берилүүдө” деген оюн билдирди. Ошону менен катар ал бюллетенди автоматтык түрдө окуй турган аппараттар биринчи кезекте каражат экенин эстен чыгарбоого, ал акыркы чечим эместигин кошумчалады.

5-июнда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыны жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөрткөн конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда бир нече жаңы нормалар бар.

Бүгүн Бишкекте оппозиция өкүлдөрү жана жарандык коом уюштурган “Шайлоону монетизациялоо – эгемендикке коркунуч” талкуусу өтүп жатат. Ага “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, журналист Замира Сыдыкова, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков жан башкалар катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG