Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Ооган президенти Кабулдагы теракттан 150дөн ашуун киши өлгөнүн айтты


Президент Ашраф Гани
Президент Ашраф Гани

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 31-майда Кабулдун чок ортосунда май куючу оор машине жарылгандагы чабуулдан өлгөндөрдүн саны 150дөн ашканын айтты.

“150дөн ашуун бейкүнөө ооган уулдары менен кыздары өлтүрүлдү, 300дөн арбын киши колу-бутунан ажырап, денеси күйүп ооруканаларга түштү”, - деди Гани 6-июнда Кабулда башталган эл аралык конференцияда.

Буга чейин ооган бийликтери Кабулдагы террордук чабуулда өлгөндөрдүн саны 90дон ашканын жана 2001-жылы Талибан кулатылгандан бери ооган баш калаасында болгон эң кандуу чабуул экенин билдирген.

Кабулдун элчиликтер жайгашкан районунда болгон чабуулда колдонулган жүк ташуучу унаага “аскерий максатта” колдонулган жардыргыч заттар толтурулганын ооган президенти белгиледи.

Гани машинени андан ары өткөрбөй, жолун бөгөп курман болгон 13 полиция кызматкеринин эрдигин баалады.

Кабулдагы чабуулду азырынча эч бир топ моюнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG