Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Кувейт Катар менен араб өлкөлөрүнүн ортосунда көпүрө болууга даяр


Катардын картасы
Катардын картасы

АКШ менен Кувейт Катар менен бир катар араб өлкөрлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык чырды токтотууга көпүрө болуп берүүгө даярдыгын билдиришти.

6-июнда Катардын тышкы иштер министри Кувейт талашты чечүүгө ортомчу болууга аракетенип жатканын билдирген. Катардын тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдул Рахман ал-Тани “Ал-Жазира” телеканалына Доха талаштын андан аркы эскалациясына жол бербей турганын айтты. Министр кризисти чечүү үчүн “ачык жана акыйкат диалогго” чакырып, Катар Перс булуңундагы чакан өлкөдө авиабазасын кармаган Кошмо Штаттар менен дагы мамилесин бузбай турганын айтты.

Бир күн мурун төрт араб мамлекети Катарды экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык колдоо көрсөтүп, аймактагы туруксуздукка жол берип жатат деп айыптап, бардык дипломатиялык алакаларын токтоткон.

XS
SM
MD
LG