Грузин парламенти өлкө Конституциясын өзгөртүү үчүн берилген талаштуу сунуштарды талкуулоо алдында турат. Парламенттин спикери Ираклий Кобахидзе башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы сунуштаган Конституциянын долбоору ушул аптада комитетте караларын 5-июнда жарыялады.
Көпчүлүгү жаштардан турган жүздөгөн активисттер 15-майда Тбилисиде өтүп жаткан коомдук угууну токтотушкан. Алар долбоордо сунушталгандай президентти жалпы эл эмес, парламенттин шайлоосуна, парламентке келген партиялардын мандаттарды кайра бөлүштүрүп алуусуна жана чет элдик жарандарга жер берүүнү мыйзамдаштырууга каршылык билдиришкен.
Кобахидзе долбоор эки пленардык жыйында жана парламенттин күзгү сессиясында талкуудан өтөрүн айтты.
Грузиянын Конституциясына киргизилчү өзгөртүүлөр май айында коомчулуктун талкуусуна коюлган.