Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Бакыт Төрөбаев "Де-Факто" гезитин сотко берди


Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Де-Факто” гезитин сотко берди.

“Аталган макалада жазылган маалымат чындыкка дал келбегени аз келгенсип, инсандык абройго жана кадыр-баркка шек келтирип жатат. Бакыт Төрөбаевдин жактоочулары соттон, “Де-Факто” гезитинин редакциясынан бул макаланы жокко чыгарууну жарыялап берүүсүн жана жазган авторлордон моралдык зыян келтиргени үчүн 5 миллион сом компенсация төлөп берүүсүн талап кылууда" деп кабарлашты "Азаттыкка" "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын катчылыгынан.

"Де-Фактонун" башкы редактору Амантур Мусагул уулу Бакыт Төрөбаевдин арызы тууралуу биринчи угуп жатканын "Азаттыкка" минтип билдирди:

- Бул боюнча маалыматым жок. Бакыт Төрөбаев тууралуу кайсы күнү кандай материал чыкканы эсимде жок. Бирок дал ушул Төрөбаев боюнча эч кандай терс материал жазбайлы деп кайсы бир кишилердин кийлигишүүсү менен мен эки-үч сандан бери тыюу салгам. Төрөбаев мырза да ушуну эске алса болмок сотко берерде.

"Өнүгүү-Прогресстин" маалыматына караганда, доо арыз Бишкектин Ленин райондук сотуна берилген. Ага гезиттин быйыл 21-апрелде басылган санындагы макалада Төрөбаевди "Максим Бакиевдин долбоору" деп аташы негиз берген. Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген саясатчылардын катарында турат. (RK)

XS
SM
MD
LG