Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсүнүн сыртында француз полициясынын офицери ага кол салган кишиге ок чыгарып жарадар кылганын өлкө бийликтери кабарлады.
Полиция чиркөөнүн маңдайында окуя болгон жерди курчап салды. Француз телеканалы туристтер дүрбөлөңгө түшүп калганын кабарлады.
Көп сандагы полициянын автоунаалары шаардын ошол аймагына барышты.
2015-жылы Парижде исламчыл экстремисттер уюштурган 130 киши өлгөн террордук чабуулдан бери Францияда чукул кырдаал киргизилген.