Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:07

Сирияда Ракка шаарын бошотуу операциясы башталды


АКШ колдогон "Сириянын козголончул кучтөрүнүн" аскерлери

Күрттөрдүн козголоңчул күчтөрүнөн түзүлгөн "Сириянын демократиялык күчтөрү" Ракка шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотуу операциясын баштады.

2014-жылдан бери Ракка куралчан жихадчылардын таянычы саналган. Шаарды бошотууга 30 миңге чукул аскер катышууда. АКШ башында турган эл аралык коалиция операцияга абадан көмөктөшүүдө. Сириядагы адам укутарына көз салган борбор бүгүнкү авиасоккулардан 20дай жай тургун Ракканын түштүк райондорунан чыга албай калып каза тапканын билдирди.

АКШ бийликтери азырынча бул маалыматты бышыктай элек.

Май айында сириялык оппозиция Раккадан 50 чакырым турган Табка шаарын бошоткон.

Бул шаар 2013-жылдан бери "Ислам мамлекетинин" көзөмөлүндө турган. Өткөн жылдан бери "Сириянын демократиялык күчтөрү" өлкө түндүгүндөгү бир катар чоң шаарлардан согушкерлерди сүрүп чыгууга жетишти.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG