АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы лидерлер менен жолугушууда терроризмге шыкак берген радикалдык идеологияны колдоону токтотууну талап кылганда алар Катарды айтып даттанганын билдирди.
6-июндагы Трамптын Твиттерде жазгандарына караганда аймактагы бир катар өлкөлөрдүн Катар менен бардык мамилелерди токтотуу чечими түшүнүктүү экенине ишара кылат.
"Жакынкы Чыгыштагы сапарымда радикалдык идеологияны каржылоону токтотууну айттым. Лидерлер болсо Катарды көрсөтүштү" - деп жазды Трамп Твиттерге.
"Алар экстремизмди каржылоодо бекем турарын айтып, бирок бардык маселе Катарда экенин көрсөтүштү. Балким бул коркунучтуу терроризмди токтотуунун башталышы болушу мүмкүн" - деген Трамп өткөн айда анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапарында Сауд Аравиясына да токтогону "өз жемишин бере баштаганын" ишара кылды.
5-июнда Сауд Аравиясы, Бахрейн, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Малдива Республикасы Катарды экстремизмди колдойт деп айыптап, бардык алакаларын үзүшкөн.
Катарда АКШнын 10 миңге чукул аскери менен эң маанилүү аскер базасы жайгашкан.
Бир күн мурун мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон бардык тараптарды сабырдуулукка жана "чогуу отуруп сүйлөшүүгө" чакырган.
Ал ортодо Перс булуңундагы Кувейт сүйлөшүүлөргө ортомчу болууну сунуштады. Кувейттин эмири Сауд Аравияга сүйлөшүүгө баратат.
Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдул Рахман ал-Тани “Ал-Жазира” телеканалына кризисти чечүү үчүн “ачык жана акыйкат диалогго” чакырды. Доха ошондой эле дипломатиялык мамилелерди токтотуу "куру сөзгө" негизделгенин билдирди.