Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Орус президенти Катардын эмирин кырдаалдан чыгуу үчүн диалогго чакырды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Владимир Путин бул сунушун эмир Тамим бин Хамад Ал-Тани менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирип, Москва менен Доханын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселесин да козгоду.

Бир күн мурун АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бардык тараптарды сабырдуулукка жана "чогуу отуруп сүйлөшүүгө" чакырган. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Катардын изоляциясы "терроризм коркунучунун аякташынын башталышы" деп билдирген.

5-июнда Сауд Аравиясы, Бахрейн, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Малдива Республикасы Катарды экстремизмди колдойт деп айыптап, бардык алакаларын үзүшкөн.

Расмий Доха дипломатиялык мамилелерди токтотуу "куру сөзгө" негизделген деп билдирүүдө.

Катарда АКШнын 10 миңге чукул аскери менен эң маанилүү аскер базасы жайгашкан.

XS
SM
MD
LG