Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Абактагы оорулуу жаран ур-токмокко кабылганы айтылууда


Жаза аткаруу кызматы №47 абактагы окуяны териштирүүдө. “Азаттыктын” окурмандары редакция менен байланышка чыгып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Давран Кадыров колония башчысы Аваз Каримовдун ур-токмогуна кабылганына байланыштуу ачкачылык жарыялаганын айтышкан. Ошондой эле абактагы жаран майып экени, ал кандын рак илдети менен жабыркары, учурда орозо кармап жатканы маалымдалган.

Бул боюнча Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф “Азаттык” радиосуна:

- Кадыров ачкачылык жарыялаганы чын. Бирок колония башчысы Аваз Каримов аны ур-токмокко албаганын, себеби жолугуп да, сүйлөшпөгөнүн да айтууда. Кадыров абак эрежесин бузганы үчүн айып изоляторуна камалып, бирок дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча кайра чыгарылыптыр. Буга чейин да 10 чакты эскертүүсү бар экен.

Никсдорфтун белгилешинче, учурда Кадыровдун даттануусуна байланыштуу тергөөчүнүн катышуусу менен териштирүү башталганы жатат. Анын жүрүшүндө күч колдонуу болгонбу же жокпу, аныкталышы керек.

№47 абак Бишкекте жайгашкан. Ал жерде ден соолугу жабыркаган кылмышкерлер жаза мөөнөтүн өтөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG