Улуттук онкология борбору капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жабдуусу жаңыланат. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн ушул маселе боюнча тиешелүү жетекчилер менен жыйын өткөрдү.
Жыйында дартты аныктоо, нур терапиясы, операция жана реанимация үчүн заманбап жаңы аппараттарды алуу, имаратты жаңылап, капиталдык ремонт жасоо боюнча план талкууланды. Бул иш быйыл 1-октябрга чейин бүткөрүлүшү керек деген талап коюлду.
Ошондой эле балдар бөлүмү үчүн өзүнчө имарат куруу долбоорун баштап, бир жыл ичинде аяктоо тапшырмасы берилди.
Улуттук онкология борборунун имараттары 50 жыл мурда курулган. (RK)