Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Трамп сауд падышасын араб биримдиги үчүн иштөөгө чакырды


Өткөн айда Эр-Риядда АКШ президентинин катышуусунда араб жана мусулман өлкөлөрүнүн саммити болгон.

Ак үй билдиргендей, президент Доналд Трамп менен падыша Салман телефон сүйлөшүүсүндө “террордук уюмдардын каржылануусуна” жол бербөөнү талкуулашкан.

Мына ушул сүйлөшүүдө Трамп Катар өлкөсүнүн изоляцияланышына каршы турумун айтып, Перси булуңу кызматташтык кеңешиндеги биримдикти кайра калыбына келтирүү “терроризмди жеңип, аймактык стабилдүүлүктү колдоо үчүн өтө маанилүү” экенине токтолгон.

Вашингтон менен Эр-Рияддын азыркы сүйлөшүүсү Перси булуңу кызматташтык кеңешине кирген алты араб өлкөсүнүн үчөө: Сауд Аравия, БАЭ, Бахрейн жана алар менен бирге Египет Катар менен дипломатиялык мамилесин үзүп, бардык байланыштарын токтотуп жаткан учурга туш келди.

Алар өз чечимин Дохадагы бийлик “террордук жана сектанттык” уюмдарды колдоп жатканы менен түшүндүрүшкөн.

Кечээ бул маселеге алгачкы реакциясын Твиттер баракчасы аркылуу билдиргенде президент Трамп анын Эр-Риядга өткөн айда жасаган визити “жемишин” бере баштаганын, сүйлөшүүлөрдө араб лидерлери ага “Катар боюнча даттанганын” белгилеген эле.

“Жакынкы Чыгыштагы сапарымда радикалдык идеологияны каржылоону токтотууну айттым. Лидерлер болсо Катарды көрсөтүштү" - деп жазган Трамп Твиттердеги баракчасында. (UE)

XS
SM
MD
LG