Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

150 миң сомго тамак уюштурду деген жетекчи катуу сөгүш алды


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго катуу сөгүш жарыялады. Ошондой эле бул мекеменин башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу документтерди жасагандыгы үчүн жумуштан четтетилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты.

Жакында интернетте аталган агенттик былтыр октябрь айында форум өткөрүп, анын катышуучулары үчүн «Супара» этнографиялык комплексинде 150 миң сомго кечки тамак уюштурганы, ага Сооронбай Жээнбеков да катышканы тууралуу маалымат чыккан.

Өкмөттөн бүгүн кабарлашкандай, чет элдик делегация менен кечки тамактануу иш-чарасына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышкан эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG