Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Ошто кармалган Ирак жарандары абактан бошотулду


Жасалма паспорт боюнча мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен Ошто кармалган Ирактын төрт жаранын бүгүн облустук инстанция сот залынан эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын коомдук жактоочусу, "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова кабарлады.

“Чек араны мыйзамсыз өткөн” деген айып калтырылып, ар бирине бир жылдан жаза мөөнөтү чегерилди, бирок камакта отурган 7,5 айды эске алуу менен алар бошотулду.

Азиза Абдирасулова алар толук акталышы керек болчу деп эсептейт:

- Жасалма паспорт деген факт Кыргызстанда болгон эмес. Түркиянын жарандары “силерге виза ачтык” деп алдап, колуна паспорт карматып коюшкан. Жазууну билбегендиктен булар виза деп ойлогон. Мамлекеттик чек ара деле бузулган эмес. Себеби Оштун аэропортунан транзиттик, чек ара көзөмөл зонасы аркылуу өтүшкөн.

Ирактын төрт жараны 2016-жылдын октябрында Түркия-Кыргызстан-Орусия-Германия багыты аркылуу немис жергесине кетип жатканда Ош аэропортунан кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш иш козгоп, Ош шаардык соту аларга 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок прокуратура бул чечимге нааразы болуп, облустук сотко кайрылган жана алар ал жактан 4,5-5 жылга абакка кесилишкен. Ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми 76 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында жаткан.

Быйыл 2-майда Жогорку Сот облустук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG