Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Тегерандагы бүгүнкү кол салуудан он эки адам өлдү


Коопсуздук күчтөрү парламент имараты жайгашкан аймакта. 7-июнь, 2017-жыл.
Коопсуздук күчтөрү парламент имараты жайгашкан аймакта. 7-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Иран борборунан бир аз мурда түшкөн маалыматтарда айтылууда. Тегерандагы бүгүнкү кол салууда өлгөн он эки адамдын төртөө кол салгандар.

Кол салуу үчүн болсо “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алганын алардын пропагандалык куралы катары саналган жаңылыктар агенттиги билдирди.

Ирандын медиасы кабарлагандай, ок атуу жана жанкечтилердин өзүн жардыруусу менен коштолгон кол салуулар бүгүн Тегерандын эки жеринде: парламент имаратында жана аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейинде болду.

Маалыматтарга караганда, эки кол салуу тең бир учурда жасалгандыктан, координациялангандай. (UE)

XS
SM
MD
LG