Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Трамп ФБР башчылыгына талапкерди атады


Кристофер Рей.
Кристофер Рей.

АКШ президенти бүгүн Твиттердеги баракчасы аркылуу жарыялагандай, ал Федералдык тергөө бюросунун жаңы директорлугуна мурда Юстиция министрлигинде иштеген Кристофер Рейди тандады.

Рей 2003-2005-жылдары, президент Жорж Буштун учурунда башкы прокурордун жардамчысы кызматын аркалаган. Учурда King & Spalding деген юридикалык фирмада эмгектенет.

АКШ мыйзамдарына ылайык, ФБР башчылыгына президент тандаган талапкерди Сенат бекитүүсү керек.

Федералдык тергөө бюросунун мурдагы директору Жеймс Комини президент Трамп кызматтан өткөн айда бошоткон.

Анын кызматтан алынышы ФБР Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан учурга туш келди.

Коми кызматтан бошотулгандан кийин америкалык медиада президент Трамп ага Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөөлөрдү токтотуусу үчүн басым жасаганын ишара кылган маалыматтар чыккан.

Президент Трамп мындай ырастоолорду четке каккан.

Жеймс Коми өзү эртең Сенаттын чалгын иштери боюнча комитетинде кызматтан алынышынын жагдайлары боюнча көрсөтмө берери күтүлүүдө.

Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн АКШда өткөн айда атайын прокурор да дайындалган. (UE)

XS
SM
MD
LG