Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Тегерандагы кош кол салуудан өлгөндөрдүн саны 13кө жетти


Дагы 43 киши жараат алды деп маалымдады Ирандын ички иштер министрлиги.

Шаршемби күнү түшкө чейин эки жерде: аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейине жана парламент имаратына кол салынган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, парламент имаратында ок чыгарган төрт киши өлтүрүлгөн. Өлгөндөрдүн санына кол салгандар кирген-кирбегени анык эмес.

АКШ баштаган бир топ өлкөлөр кол салууну айыпташты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алды.

Өткөн жылы ирандык атайын кызматтар ИМ тобу уюштуруп жаткан теракттын алдын алууга жетишкенин, бир нече жихадчы жасалма бомба менен кармалганын маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG