Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Борбор Азиядагы коопсуздук жана саясат диалогу болот


8-июнда Бишкекте боло турган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Ооганстандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, Евробиримдиктин баш катчысынын орун басары Жан-Кристофер Белльяр баштаган делегация катышат.

Жыйында саясат жана коопсуздук маселелери талкууланып, тараптар терроризмге, зордукчул экстремизмге, маңзатка каршы күрөшүү жана чек ара боюнча маанилүү маселелер көтөрүлөт. Катышуучулар бул жаатта кызматташууну күчөтүү жагдайын карашат.

Күн тартибинде Ооганстандагы жана аймактагы туруктуулукту сактоо маселеси да бар.

Евробиримдик Борбор Азиядагы жана Ооганстандагы коопсуздук, маңзат ташууга каршы күрөшүү жаатында аймактагы өнөктөштөрүн ар кандай программалар аркылуу колдоп келет.

Саясат жана коопсуздук маселелери боюнча диалог уланып турат. Алгачкы жыйын 2013-жылы Брюсселде өткөн. Кийинки жыйын 2018-жылга мерчемделүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG