Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Кыргызстандын ун өндүрүшү 70% кыскарды


Бул маалыматты Ишкерлер ассоциациясы таратып, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийинки эки жылга жетпеген аралыкта ун өндүрүшү кескин азайганын маалымдады. Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушевдин айтуусунда, чек аранын ачылышы менен унду сырттан ташуу көбөйүп, жергиликтүү өндүрүшкө чоң зыянын тийгизди:

- 2014-жылы 350 миң тонна ун чыгарса, өткөн жылы болгону 232 миң тонна чыгарылган. Бүгүнкү күнү өндүрүш токтоп турат. Бул деген тегирмендерде иштеген миңдеген кишилер жумушу жок, айлык акы албай, алардын үй-бүлөлөрү муктаждыкта жашап жатат дегенди билдирет.

Тегирменчилердин белгилөөсүндө, бүгүнкү күнү 20 комбинат токтоп турат, калгандары өтө аз көлөмдө ун чыгарууда. Алар айрым депутаттардын кайрадан кошумча нарк салыгын киргизүү демилгеси атамекендик ун өндүрүшүн жок кылат деген пикирде.

Ал эми мыйзам долбоордун автору, депутат Кенжебек Бокоев мындай сындарды четке кагып, кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгын да эске алуу керектигин "Азаттыкка" билдирди.

Парламент ушул аптада жергиликтүү ун өндүрүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан бошотууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун карайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG