Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:28

Тегирменчилер комитетинин маалыматы боюнча, соңку үч жылда Кыргызстанда ун өндүрүү дээрлик 70 пайызга кыскарган.

Комитеттин төрагасы Рустам Жунушевдин белгилешинче, буга аткезчилик жол менен Казакстандын уну ташылып келип жатканы себеп болууда. Экинчиден, жергиликтүү ишкерлер сырттан ташылган буудайга кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүү демилгесине каршы.

Буга байланыштуу мыйзам долбоорун демилгелеген парламент депутаты Кенжебек Бокоевди "башка өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп жатат" деп айыпташууда. Бокоев мындай сындарды четке кагып, мыйзам кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгы үчүн сунушталып жатканын билдирди.

Кыргызстандагы Ишкерлер бирлигинин вице-президенти Замир Шаиковдун маалымат жыйында билдиргени боюнча, Кыргызстандагы отуздан ашуун ун чыгарган ишкананын жыйырмага чукулу учурда токтоп турат.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонго чейин ун өндүргөн комбинаттар өз кубаттуулугунун 70-80% пайдаланып келсе, ушу тапта 30-40 пайызга кыскарган.

Ал эми Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев Кыргызстанда ун өндүрүү соңку үч жылда 70 пайызга кыскарганын билдирүүдө. Буга Казакстандан аткезчилик жол менен ун ташылып келип, арзан баада сатылып жатканы себеп деди:

- Биздин атамекендик өндүрүшчүлөр 2014-жылы 350 миң тонна ун чыгарган. 2015-жылы 273 миң, 2016-жылы 232 миңден ашуун, ал эми 2017-жылдын үч айында 64 миң тоннага жакын ун өндүрүп жатат. Бул өндүрүш 70 пайызга түшүп кетти дегенди билдирет. Көбүнчө жарандар Казакстандан көмүскө келген ун менен камсыз болуп жатат. Азыр өлкөнүн түштүгүндө ун чыгарган комбинаттын баары токтоду. Ал эми түндүктө 9-10у иштеп атат. Алар дагы бир ай иштеп, үч ай токтоп турат.

Мамлекеттик "Дан" ишканасынын башкы директору Алга Кылычев өзү жетектеген мекеме октябрдан бери иштебей жатканын билдирди:

- Мен жетектеген ишкана октябрдан бери токтоп турат. Буга чейин жылына 30-40 миң тонна ун өндүрсөк, быйыл болгону 1,5 миң тонна ун чыгардык. Ошол дагы өтпөй калды.

Ошондой эле жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр сырттан аткезчилик жолу менен кирип жаткан товарларды токтотууну жана ундун сапатына көңүл бурууну мамлекеттик органдардан талап кылууда. Алардын айтымында, Казакстандан минералдык пайдалуу заттар менен байытылбаган, арзан буудайдан чыгарылган сапатсыз ун келип жатат.

"Дыйкандарды да ойлойлу"

Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн казакстандык өндүрүшчүлөр менен атаандашуусуна шарт түзүү максатында 2018-жылга чейин сырттан ташылган буудай эмес, андан чыгарылган ундан да кошумча нарк салыгы алынып салынган. Эми аны кайра киргизүү боюча мыйзам долбоору иштелип чыгып, 8-июнда парламентте талкууланганы жатат.

Мыйзам долбоордун автору парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев.

Жергиликтүү ишкерлер Бокоевди "башка өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп жатат" деп күнөөлөп, бул атамекендик өндүрүшчүлөрдүн ишин солгундатарын айтышууда. Алар өлкөдөгү кырдаалды анализдеп чыгууну суранышты.

Өткөн жылы сырттан кирген унга салык алынганына байланыштуу, мамлекеттин бюджети 650 млн сомдук кирешесинен кол жууганы кабарланган. Бирок ишкерлер бул аткезчиликтин кесепети экенин белгилеп жатышат. Мыйзам долбоордун демилгечиси, эл өкүлү Кенжебек Бокоев салыкты кайрадан киргизүү демилгесин "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

- Казакстандын буудайынын илешчээктиги жогору, баасы арзан. Эгер ал жактан арзан буудай кире бере турган болсо Кыргызстанда дыйкандар эки-үч жылда буудай экпей калат. Анан комбайндарды сатабыз. Эгер кургакчылык болсо Казакстан "өзүбүздүн буудай аз, эч жакка чыгарбагыла" деп коёт. Ошондо биз буудай ачка калабыз. Азык-түлүк коопсуздугу деген ошол. Мыйзам жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында жазылды. Азыр өкмөт былтыр кабыл алган мыйзамы ката болгонун моюнуна алып, кайра оңдоп жатат. Былтыркы мыйзам кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн.

Кыргызстан ЕАЭБ толук кандуу ишке киргенден кийин сырттан ташылып келген товарларды текшербейт. Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, атайын Салык кызматы, каржы полициясы жана милиция кызматкерлеринен турган мобилдүү топтор "Кыргызстанга товар алып өтүү" боюнча алдын ала маалымдаманы гана текшерет. Бирок анын канча товар алып өтүп жатканын текшерүүгө укугу жок.

- Мурда ушунча тонна жүк киргизип жатам деген талондун негизинде каттачу. Азыр алдын ала маалымдайт. Мисалы, мен бир ай ичинде ушунча товар киргизем деп документ толтурат. Ошонун негизинде киргизет. Бирок аны чек арачылардын да текшергенге укугу жок. Бул салык төлөөчүнүн абийириндеги иш.

Кыргызстанда отуздан ашуун ун өндүрүүчү ишкана бар. Анда 15 миңден ашуун киши иштейт. Өндүрүш кескин кыскарганына байланыштуу 5 миңге жакын жумушчу акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG