Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

“Устукан” бөлүшкөн парламент


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш депутаттардын ишкер кызыкчылыктарынын аянтчасына айланып калганы коомчулукта айтыла баштады.

Мындан улам “Бир Бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов майлуу-сүттүү тармактарга тымызын монополия орнотуп отурбай, парламенттеги таасирдүү кызыкчылык топторун кирешелүү ишкердик тармактарын ачык эле бөлүштүрүп алууга чакырды. Алтынбек Сулаймановдун мындай шакабасы ишкер депутаттардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин мүдөөсүнөн жогору коюлган жагдайды ашкереледи.

Жогорку Кеңештеги жоболоң “миссия”

Жогорку Кеңеш ата мекендик өндүрүштү жана ишкердикти колдоо деген негизде сырттан буудай ташып келип, ун тартууга, курулуш тармагына, спирт ичимдигин чыгарууга жеңилдиктерди караган бир топ мыйзамдарды кабыл алган. Мындай мыйзамдардын кабыл алынышы парламент капчыгы калың ишкер чөйрөдөн куралганы менен байланыштуу экени буга чейин эле коомчулукта айтылып келген эле. “Бир Бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов кирешелүү тармактар парламенттеги ири ишкер топтордун кызыкчылыгына ылайык бөлүнгөнүн расмий айтып чыкты. Алтынбек Сулайманов бул тымызын монополияны аларга ачык эле мыйзамдаштырып берүүнү сунуштады:

Алтынбек Сулйманов
Алтынбек Сулйманов

- Өлкөдөгү бүт ишкер тармагын биздеги беш-алты адамга бөлүштүрүп берели. Спиртти эки-үч кишиге, мунайды бирөөнө, дары-дармекти жана курулушту дагы башкасына ачык эле монополия кылып берели. Тагыраагы, курулушту “Авангард”, спирт ичимдиктерин “Аю” компанияларына бергиле. Ун өндүрүшүн төрагабыз Чыныбай Акунович менен кесиптешибиз Бакыт Эргешович алсын. Мына ушундай атайын киргизилген чектөөлөр аркылуу ири ишкердикти беш-алтооң эле бөлүп алгыла анда.

Ун өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы

Алтынбек Сулаймановдун мындай шакабасына парламентте ири ишкердиктин кызыкчылыгын коргогон мыйзамдар кабыл алынып жатканы себеп болду. Алардын бир мисалы, сырттан ташылган буудайдан жана андан чыккан ундан кошумча нарк салыгын алып салуу мамлекет казынасы үчүн жылына 650 миллион сом зыян алып келди. Кыргызстанга сырттан буудай ташып, ун өндүрүүчү ири компаниялардын бири парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековго, экинчиси “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевге таандык. Мына ошондуктан парламенттеги эки бакандай саясатчынын кызыкчылыгы менен 2015-жылы январда сырттан ташылып келген буудай жана андан чыгарылган ун кошумча нарк салыгынан бошотулган деген сын-пикирлер айтылган.

Азыр мен сырттан ташылган буудайга кошумча нарк салыгын кайра кайтарып келе турган мыйзам долбоорун иштеп чыктым. Азыр бул мыйзам долбоорун талкууга чыгарайын десем тоскоолдуктар болуп жатат.
Кенжебек Бокоев

“Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев салыкты артка кайтаруу азыр парламентте тоскоолдукка учурап жатканын айтты:

- Азыр мен сырттан ташылган буудайга кошумча нарк салыгын кайра кайтарып келе турган мыйзам долбоорун иштеп чыктым. Аталган ири өндүрүш компанияларына кайрадан кошумча нарк салыгын кайтарып келебиз. Эл аралык Валюта кору дагы бул туура эмес болгон деп корутунду берген. Азыр бул мыйзам долбоорун талкууга чыгарайын десем, тоскоолдуктар болуп жатат. Ун өндүрүүчүлөр бирлиги каршы кайрылуу жасаптыр. Мен аларга “бул жерде бир ууч олигархтардын кызыкчылыгы бар” деп ачык эле айттым. Мисалы, жөнөкөй тегирменчи темир жол менен сырттан буудай ташып келип, ун чыгара албайт да. Парламенттеги эки-үч адамдын кызыкчылыгындагы иш болгону кашкайып эле көрүнүп турат.

Ошол эле кезде “Бир Бол” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов парламенттеги кайсы бир ишкер-депутаттардын кызыкчылыгына карап, иштелип чыккан мыйзамдардын бардыгына каршы экенин билдирди. Ишкердикти жөнгө салуучу мыйзам долбоорлору парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинен кароодон өтөт. Комитеттин төрагасы Нурлан Макеев муну курулай саясат деп атап, керек болсо Алтынбек Сулайманов өзү ал мыйзамдарга добуш бергенин эске салды:

- Мына ошол мыйзамдарды иштеп чыгууда жана кабыл алууда бирөөнүн кызыкчылыгы болгон эмес. "Лобби" болгон деген туура эмес. Эгерде андай болсо, далилдеп бериши керек. Кезинде өзү да ал мыйзам долбоорлорун колдоп, добуш берген.

Пиво жана курулуш “лоббиси”

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиевдин билдиришинче, ишкердикке берилген жеңилдиктерден улам бюджетке быйыл алты миллиард сомго чукул акча түшпөй калган. Жакында парламент сырттан ташылган жана ичтен өндүрүлгөн сыранын көмүскө көлөмүн каттап, салык алууну көздөгөн өкмөттүн мыйзам долбоорун четке какты.

Салыктан качкан “пиво төбөлдөрү”

Салыктан качкан “пиво төбөлдөрү”

Сырттан ташылган жана ичте өндүрүлгөн пивонун көлөмүн көмүскөдөн чыгаруу боюнча өкмөттүн жүйөлөрү парламенттин тиешелүү комитет мүчөлөрүн ынандыра алган жок. Буга чейин депутаттардын же алардын туугандарынын пиво өндүрүүгө же сатууга байланыштуу бизнестери бар экени мамлекеттик кадр кызматынын порталында көрсөтүлгөн.

Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев пиводон жашырылган салыктын өлчөмү жылына 325 миллион сомду түзөрүн белгилеген:

- Сыранын көлөмүн жана сапатын тартипке салуу үчүн аны маркалоо бардык өнүккөн өлкөлөрдө киргизилген. Бизде болсо көмүскө экономика гүлдөгөн. Муну эсепке алуу үчүн сырттан ташылган жана өлкө ичинде өндүрүлгөн пивого маркалоо киргизүү зарыл. Алдын ала божомол боюнча каттоого алынбай келген пивонун көлөмүнө көзөмөлдүн натыйжасында жылына 320 миллион сомдун айланасында салык түшүп турмак. Бирок парламенттеги тиешелүү комитет башында макул болуп, бирок кийин буга каршы чыгып жатат. Ошондуктан комитеттен бул мыйзам долбоорун жаратпаган чечим чыкты.

Жарыяланган өмүр баяндар боюнча Жогорку Кеңеште бизнестен келген депутаттар көпчүлүктү түзөт. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламентте ишкердик кызыкчылыкты коргоо талабы күч экенин белгиледи:

- Эсептин жоктугунан салык жашыруунун деңгээли аябай эле жогору. Муну жөнгө салса болот. Бирок азыр парламентте ага каршылык күч. Анткени бул жерде өтө чоң кызыкчылыктар бар. Албетте, чоң акча бар жерде чоң кызыкчылыктар ойнойт. Анан калса парламентте ишкердикке аралашкан көп депутаттар болгондуктан, ишкер чөйрөнүн кызыкчылыгын тымызын колдоо жүрүп жатат десек болот.

Буга чейин Жогорку Кеңеш курулушту долбоорлоого чейин эле көп кабат имараттарды кура берүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл алган. Укук коргоочулар муну шаардагы мыйзамсыз курулган курулуштарды мыйзамдаштырып алуунун амалы катары сындап чыгышкан. Ошондой эле баш калаадагы эски үйлөрдү базар наркынан ылдый, чектелген баада сатып алып, ордуна көп кабат үйлөрдү куруу ченемин караган мыйзам долбоору сунушталып, бирок коомчулуктун каршылыгынан улам, артка чакыртылып алынган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG