Анын жыйынтыгы өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусу боюнча жараянды же Брекситти ким жүргүзөрүн, ошондой ал саясий күчкө кандай мандат берилерин аныктайт.
40 миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюна таңкы саат 7ден тарта ачылды. Ал эми добуштарды саноо шайлоо бекеттери түнкү саат 22де жабылгандан кийин башталат.
Саясий аналитиктер бул шайлоонун жыйынтыгы Шотландия Британиядан көз карандысыздык алуу боюнча дагы бир референдумга барар-барбасына да таасир берерин белгилешүүдө.
Премьер-министр Тереза Мейдин Консервативдик партиясы парламенттин 650 орундуу төмөнкү палатасында буга чейинки көпчүлүгүн сактап калат деп күтүлүп жатат.
Бирок орундарынын саны ал үмүттөнгөндөй санда көбөйбөчүдөй.
Коомдук пикирди сурамжылоонун акыркы жыйынтыктары бүгүнкү шайлоодо Консервативдик партия 43%, алардын башкы атаандашы лейбористтер 36-37% аларын көргөзгөн.
4-июнда Лондондо жети адам мерт болуп, 48 жараат алган теракт шайлоо темасы катары улуттук коопсуздукка да көңүл бурулуусун күчөттү. (UE)