Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Отунбаеванын фонду мыкты бешик ырларына сынак жарыялады


Кыргызстанда мыкты бешик ырларына сынак жарыяланды. Сынакты «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория жана Кыргыз радиосу менен биргеликте уюштурууда.

7-июнда башталган, 1-ноябрга чейин улана турган сынактын максаты салттык (элдик) жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин өнүгүүсүнө көмөк берүү экени айтылды.

Жыйынтык 10-ноябрда чыгат. Жеӊүүчүлөр атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланат. Сынак тууралуу толук маалымат roza.kg сайтында. (RK)

XS
SM
MD
LG