Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:31

Орусияда жүрүнчү ташып иштеген кыргызстандык мигранттардын көйгөйү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Калдарбек Баймуратов Орусияда иштеген мигранттар, алардын жакындары кайрылып жатканын айтып, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) боюнча иш алып барган вице-премьер-министр Олег Панкратов бул көйгөйдү жеринен барып чечиши керек деген пикирин билдирди:

- Вице-премьер Панкратов өзү барып ошол жакка, жолугуп аракет кылса болот эле. Быйыл 1-июнда ушундай эреже кирет деп 2013-жылы эле айтылыптыр. Ошондон бери эч кандай аракет көрүлгөн эмес. 2018-жылга чейин бул талапты кайра алуу тууралуу сөздөр айтылып жатат, бирок кандайдыр бир чечим кабыл алынганы тууралуу кабар жок.

1-июндан тарта Орусияда киргизилген эрежеге ылайык жүргүнчү ташууга бул өлкө берген гана айдоочулук күбөлүгү барлар укуктуу болуп калды.

Орусияда, расмий эсеп боюнча, 500 миңдей кыргызстандык эмгек мигранты бар. Алардын арасында жүргүнчү ташып иштегендери аз эмес. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG