Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

АКШда кармалган кылмыштуу топ ичинде борборазиялык ысымдар да бар


Америкалык прокурорлор Нью-Йорктон кечээ жарыялагандай, алар орусиялыктардын кылмыш тобунун мүчөлөрү деп шектелген жыйырмадан ашуун адамды кармоо менен аларга айып дагы коюшту. Орус мафиясы деп айтылган топтон азырынча 23 адам камакка алынган, бешөө качып жүрөт, калгандарынын баш коргоо чарасы каралууда.

Кылмышка шектелген жалпы 33 адамдын арасында Тимур Суйунов, Бакай Марат уулу деген ысымдар да бар.

Алардын биринин жашы 28, экинчисиники 25 деп көргөзүлгөн.

Америкалык прокурорлор билдиришкендей, кылмыштуу топ АКШ боюнча аракеттенип, баңги заттарын, уурдалган товарларды, анын ичинде тамеки сатуу, опузалоо, кредит карталардан акча уурдоо, адам өлтүрүүгө киши жалдоо өңдүү иштер менен алектенген.

Камалган 33 айыпкердин көпчүлүгү мурдагы СССРде төрөлгөн, Орусия, Грузия, Украина менен байланыштары бар Зураб Жанашвили жана Ражден Шулая ысымдуу адамдар тарабынан башкарылган.

Кезинде Орусияда “мыйзамдуу ууру” атыккан Ражден Шулая, прокурорлордун айтымында, рекетирлик боюнча АКШда айып коюлган биринчи кылмышкер болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда кармалган кылмыштуу топтун арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогу териштирилип жатканын маалымдады. (UE)

XS
SM
MD
LG