Караколдо калайман мушташ болду деген окуяга байланыштуу эки адам камакка алынды. Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бүгүн “Азаттык” радиосуна айтымында, кечээ 7-июнь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн:
- Шаар тургуну кайрылып, күйөөсү Акысбекти Максат жана Тулпар аттуу тааныштары жанындагы башка балдар менен бирге эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин айткан. Сабалган жаран алган жараатынан улам облустук ооруканага жаткырылган.
Каракол шаардык милициясы бул ишке байланыштуу "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иш козгоп, тергей баштады.
Кылмышка шектелип кармалгандардын бири Максат Касенов шаардык кеңешке болгон соңку шайлоого катышып, бирок өтпөй калган “Улуу Кыргызстан” партиясынын жетекчиси. Ал өткөн чакырылыштагы шаардык кеңеште Кыргызстандын жаштар партиясынан депутат болчу.
Караколдогу окуяга байланыштуу ал жерде облустук олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары катышты деген маалымат тараган. Милиция бул версияны четке кагууда. (AsM)