Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:48

Украин парламенти НАТОго интеграцияны приоритет катары белгиледи


Украин парламенти.

Тышкы саясатка байланыштуу бир нече мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү бүгүн Жогорку рададагы добуш берүүдө 450 депутаттын 276сы колдоду.

Аларда Украинанын тышкы саясаты НАТОнун мүчөлүгүн алуучу критерийлерге жетишүү үчүн бул аскерий-саясий альянс менен кызматташтыкты колдоо боюнча чараларга бурулары айтылат.

Документте өлкөнү акыр-аягында НАТОнун мүчөсү кылуу мүдөөсү “Орусия федерациясынын Украинага каршы агрессиясына жана Украинанын бир бөлүгүн анексиялоосуна” жооп чара катары түшүндүрүлгөн.

Анексия дегенде украин бийликтери жана эл аралык коомчулук Украинага караштуу Крым жарым аралынын Орусия тарабынан анексияланышын эске алышат.

Мурдагы президент Виктор Янукович Украина бейтарап же “эч бир блокко кошулбоо” макамын алган мыйзамга 2010-жылы кол койгон болчу.

Азыркы президент Петро Порошенко болсо Украинанын бейтараптык макамын жойгон мыйзамды 2014-жылы бекиткен. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG