Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Нарын: Ага Хан университетиндеги чыр жайгарылды


Ага Хан университети. Нарын шаары. 2016.
Ага Хан университети. Нарын шаары. 2016.

Бүгүн Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин корпустарынын биринин алдына жергиликтүү 100гө чукул адам митингге чыкты. Алар бул окуу жайдын айрым студенттеринин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Жергиликтүү жаштар өткөн айда аталган университеттин спорт залында чет өлкөдөн келген студенттер менен баскетбол ойноп, өз ара чырлаша кеткен. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, оюндун шартын бузган студенттер “бир пикирге келүүгө көнгөн эмес жана жаман сөздөрдү айтышкан”.

Чогулгандар менен өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана Борбор Азия университетинин жетекчилиги келип жолугуп, жаштардын маселесин имараттын ичинде сүйлөштү. Окуяга катышкан чет элдик студенттер жергиликтүүлөрдөн кечирим сураган соң, чогулгандар тарап кетти.

Нарындагы Ага Хан университети алгачкы студенттерин өткөн жылы кабыл алган. Эл аралык деңгээлдеги окуу жайда 71 студент окуйт. Алар Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүнүн жарандары. (MiK)

XS
SM
MD
LG