Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

ФБРдин мурдагы директору Сенатта көрсөтмө берүүдө


Жеймс Коми Сенат комитетинде көрсөтмө берер алдында. 8-июнь, 2017-жыл.
Жеймс Коми Сенат комитетинде көрсөтмө берер алдында. 8-июнь, 2017-жыл.

Жеймс Коми бүгүн Сенаттын чалгын иштери комитетиндеги коомдук угууга чакырылды. Ал мурдагы кызматында Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Дональд Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын бул өлкө менен ыктымал байланыштары боюнча иликтөө жүргүзүп келген эле.

Сенаттагы көрсөтмөсү алдында кагаз жүзүндө тараткан билдирүүдө Жеймс Коми президент Трамп кызматка киришкен бир аптадан кийинки кечки тамакта андан ага “лоялдуулук зарылдыгын” жана “лоялдуулукту күтөрүн” белгилеген.

Ал эми кийин 14-февралда Ак үйдөгү жолугушууда президент Трамп өзүнүн Улуттук коопсуздук боюнча биринчи кеңешчиси Майкл Флиндин ишин иликтөөнү токтотуусу үчүн басым жасаганын ачыктаган. ФБР ал учурда Флиндин Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтеп жаткан.

Флин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилик кызматта бир айдан аз туруп, 13-февралда бошотулган.

Коминин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн комментарийлегенде Трамптын адвокаты Марк Касовиц президент өзү ФБРдин иликтөөсүнө тартылбаганына, ал өзүн “толугу менен акмын” деп санарына көңүл бурду. Трамп Комини кызматтан быйыл 9-майда алган. (UE)

XS
SM
MD
LG